Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

Зайдель фонду: Бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү сунуш Кыргызстандын рейтингин төмөндөтөт


Макс Георг Майер
Макс Георг Майер

Эгер Кыргызстан президенттик администрация сунуш кылып жаткан коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзамды кабыл алса, өлкөнүн эл аралык уюмдардагы жылдык рейтинги төмөндөйт жана Батыш өлкөлөрүнөн келип жаткан инвестиция азаят. Мындай пикирин 2-декабрда Германиянын Ханнс Зайдель атындагы фонду билдирди.

Фонддун координатору Макс Георг Майердин айтымында, азыркы кезде бейөкмөт уюмдар ансыз деле Кыргызстандын Салык кызматына, Социалдык фондуна жана Статистика комитетине дайыма отчет берип турушат жана аталган мекемелер аларды көзөмөлдөө укугуна ээ. Эгер бийликтин сунушу колдоо тапса, анын белгилешинче, бейөкмөт уюмдардын ишине техникалык тоскоолдук жаратуучу коркунуч да жаралат.

Майер Кыргызстанда коммерциялык эмес уюмдардын 97% билим берүү, социалдык жардам көрсөтүү, маданият же айлана-чөйрөнү коргоо тармагында иштей турганын кошумчалады.

Ханнс Зайдель атындагы фонд Кыргызстандагы мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү долбоорун 20 жылдан бери ишке ашырып келе жатат.

Быйыл 2-ноябрда президенттик администрация бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. «Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар жөнүндө» деп аталган бул документке ылайык, "чет өлкөлүк бейөкмөт уюм" деген түшүнүк кирип, мамлекеттин көзөмөлдөөчү укуктары көбөйтүлөт. Долбоор колдоо тапса, бардык бейөкмөт уюмдар тизмеге алынат, аларды Башкы прокуратура жана Юстиция министрлиги толук көзөмөлдөйт, каржылык текшерүү күчөйт, мамлекетке айрым уюмдарга колдоо көрсөтүү укугу берилет.

Бийликтин бул сунушун бир катар укук коргоо уюмдары сындап чыгышкан. Бейөкмөт уюм катары көптөгөн жылдан бери укугу бузулган кыргызстандыктарга жардамын берип келаткан «Бир Дүйнө Кыргызстан» кыймылы жана ”Дүйнөнү өзгөрткөн адамдар” түйүнү билдирүү таратып, президенттик администрациянын сунушу коррупцияга жана бюрократияга жол ачарын, жарандык уюмдарга жасалма тоскоолдук жаратарын жана ал Конституцияга, эл аралык стандарттарга, Кыргызстандын милдеттенмелерине карама-каршы келерин белгилеген.

«Коммерциялык эмес уюмдар» жөнүндөгү азыркы мыйзам 1999-жылы кабыл алынган. (RK)

XS
SM
MD
LG