Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Укук коргоочу депутаттарды өз укугун билүүгө жана коргоого чакырды


Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

"Прецедент" коомдук уюмунун башчысы, укук коргоочу жана адвокат Нурбек Токтакунов Жогорку Кеңештин депутаттарына алардын кол тийбестик укугу бар экенин эскертип, прокуратуранын сурагына барбоого үндөдү.

Бул тууралуу ал Дача СУ кырсыгынын себептерин жана шарттарын изилдеген коомдук комиссиянын мүчөсү катары 1-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттарына отчет бергени барган учурда сүйлөп жатып айтты.

"Силерди башкы прокурор чакырса барбагыла. Кол тийбестигиңер бар. Алардын өзүн бул жакка чакырып, "саат үчкө келгиле, жарым саат берем" деп айткыла. Мына силерди аткаруу бийлиги, Ташиев (УКМКнын төрагасы -ред.) сөгүп кетти. Силер өзүңөргө туруп бере албасаңар, анда кантип?...", - деди Токтакунов.

Адвокаттын сөзүн спикердин орун басары Нурбек Сыдыгалиев кесе бөлүп, адвокат темадан четтеп кеткенин айтып, депутаттарга укугун үйрөтпөй эле коюшун сунуштады.

Жогорку Кеңештин 1-декабрдагы жыйынында депутаттар Шайлообек Атазов жана Жеңишбек Токторбаев Башкы прокуратурада сурак беришкенин айтышкан.

Алар суракка чакырууга 30-ноябрдагы отурумда прокуратуранын ишин сындаганы себеп болгонун айтышып, муну басым деп атап, депутаттардын Конституция, мыйзам менен корголгон укуктары бузулуп жатканын белгилешкен.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы "Азаттыкка" эки депутат Жогорку Кеңеште айткандары боюнча маалымат алуу үчүн гана суракка чакыртылганын билдирди.

Акыркы эки апта ичинде бир катар эл өкүлдөрү укук коргоо органдарынын куугунтугуна арызданышты. Айрымдары Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга өткөрүп берүү келишимине каршы добуш бергенден кийин куугунтук күчөгөнүн айтышууда. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG