Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:43

Абдирасулова "Кылым шамын" Салык кызматы текшерип жатканын билдирди


Гүлшайыр Абдирасулова.
Гүлшайыр Абдирасулова.

"Кылым шамы" укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова Мамлекеттик салык кызматы уюмдун ишмердүүлүгүн адаттан тыш, кызматташкан адвокаттардын алган акчасына чейин киришип, текшере баштаганын маалымдады.

Бул тууралуу ал 1-декабрда Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анда салык кызматкерлери текшерүүнүн негизин "жогортон кызматтык тапшырма түшкөнү" менен түшүндүргөнү тууралуу айткан.

Абдирасулова Ленин райондук салык кызматынан текшерүүнүн себебин көрсөтүү так талабы менен кайрылганын билдирген.

Гүлшайыр Абдирасулова өзү жетектеген уюм бардык салыктарды мыйзам чегинде төлөп келе жатканын белгилеп, текшерүүчүлөр азыркы президент Садыр Жапаровду жана анын тарапташтарын, бир туугандарын жактаган адвокаттарга берилген каражатка чейин сурап жатканын маалымдады.

Гүлшайыр Абдирасулова уюмдун адаттан тыш текшерилүүсү - атайын буюртма болушу мүмкүн деген оюн "Азаттыкка" билдирди.

"Бизди мурда деле текшеришчү. Анткени текшерүүлөр жүрүп, салыктардын ачык болгону өзүбүзгө да жакшы, анткени биз донорлорго отчет берип турабыз. Бирок бул жолу өзгөчө текшерүү болуп, биз кимди жактап бергени үчүн кайсы адвокатка канча акча бергенибизден бери сурап, тактап атышканы таңкалычтуу болуп жатат. Булар муну менен бизде иштеген адвокаттарды аныктагысы келип жатышабы же дагы башка максатта эптеп уюмдун ишин токтотууну көздөп жатышабы деген суроо туулат. Ушундан улам бул текшерүүнүн артында атайын буюртма бар окшойт деген ой жаралат", - деди ал.

Мамлекеттик салык кызматы "Кылым шамы" уюмунун жетекчисинин билдирүүсү боюнча азырынча үн ката элек. "Азаттык" аталган мекеменин басма сөз кызматына суроо жолдоду.

Кыргызстандын жарандык коомчулугу президенттик администрация мындан бир ай мурда, 2-ноябрда сунуштаган бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбооруна нааразылыгын билдирип келет. Алар президенттик администрациянын сунушу коррупцияга жана бюрократияга жол ачарын, жарандык уюмдарга жасалма тоскоолдук жаратарын жана ал Конституцияга, эл аралык стандарттарга, Кыргызстандын милдеттенмелерине карама-каршы келерин белгилешүүдө.

Сунуш кылынган мыйзам долбоорунда ылайык, "чет өлкөлүк бейөкмөт уюм" деген түшүнүк кирип, мамлекеттин көзөмөлдөөчү укуктары көбөйтүлөт. Долбоор колдоо тапса, бардык бейөкмөт уюмдар тизмеге алынат, аларды Башкы прокуратура жана Юстиция министрлиги толук көзөмөлдөйт, каржылык текшерүү күчөйт, айрымдарына мамлекет колдоо көрсөтө алат.

19-ноябрда Кыргызстандын акыйкатчысы Атыр Абдрахматова Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) демократиялык институттар жана адам укугу бюросу менен Венеция комиссиясына кайрылып, бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбооруна биргелешип укуктук баа берүүнү өтүнгөн.

«Коммерциялык эмес уюмдар» жөнүндөгү азыркы мыйзам 1999-жылы кабыл алынган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG