Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:55

АКШ жана Евробиримдик Орусия мунайынын жогорку баасын 60 долларга баалады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия мунайынын бир баррели 60 доллар болот деген Вашингтондун чечимин АКШнын каржы министри Уолли Адейемо билдирди.

Евробиримдик да бул баага токтогонун Reuters агенттигинин булактары маалымдашкан.

Агенттикке европалык дипломат мунайдын жогорку баасы убакыттын өтүшү менен өзгөрүшү мүмкүн, бирок базар баасынан 5% арзан кармалат деп билдирген.

Адейемонун сөзүнө караганда, Европа өлкөлөрү Орусиянын мунайын Польшанын позициясына карабай баалашат. Варшава 60 долларды аябай кымбат деп эсептеп, сүйлөшүүлөр учурунда бааны 30 долларга түшүрүүнү талап кылган.

АКШ менен Евробиримдик Орусиянын танкердик мунайын сатып алуудан баш тарткан. Бирок баанын кымбат коюлушу башка өлкөлөргө да мунайды сатып алууга мүмкүнчүлүк бербейт. Танкерлерди камсыздандырууга жана аларды дүйнөдөгү эң ири - Грециянын танкер флоту менен алып өтүүгө мүмкүн эмес. Себеби Орусиянын кемелеринин Греция мүчө болгон Евробиримдик аймагына киришине тыюу салынган.

Өткөн жумада Орусиянын эң белгилүү танкердик мунайынын баррели 55 доллардын айланасында сатылды. Мындан улам Орусия мунайын 60 доллардан деле оңой эле сата алышы ыктымал. Бирок демилгенин авторлору мунайдын жогорку баасын аныктоо наркты чектөөгө шарт түзөрүн айтышууда.

Орусия өз кезегинде мунайын базар баасынан төмөн сатпай турганын билдирген. Бирок базар баасынан төмөн сатып алууга негизги кардарлары - Кытай менен Индия макул болбошу мүмкүн.

Орусияга каршы мунай эмбаргосу 5-декабрда башталат. Европа Биримдиги Орусиядан мунай сатып алууну мүмкүн болушунча кыскартып, эки айдан кийин мунай импортун толук токтотууну пландаган. Бул Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга каршы кабыл алынган чечим.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG