Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:38

Талибдер "Америка добушу" менен "Азаттыктын" ооган кызматынын уктурууларына тыюу салды


Оогандык эркектер радио угуп отурушат. Желалабад аймагынан тартылган сүрөт.
Оогандык эркектер радио угуп отурушат. Желалабад аймагынан тартылган сүрөт.

Ооганстанда талибдер жетектеген өкмөт “Америка добушу” (VOA) жана "Эркин Европа/Азаттык радиосунун" ооган кызматынын уктурууларына тыюу салды.

Талибан муну жалпыга маалымдоо каражаттарынын мазмунуна каршы даттануулар менен түшүндүрдү. "Талибан" кыймылынын маалымат министрлигинин өкүлү "Азади" радиосунун уктуруусу 13 шаарда токтотулганын билдирди. "Америка добушу" да эфирлери чыкпай калганын маалымдады.

"Талибандын" өкүлү мындай кадам "журналисттик принциптер сакталбай, окуялар бир тараптуу чагылдырылганы үчүн" жасалганын билдирди. Бирок арыздар тууралуу кошумча маалымат берген жок.

“Америка добушунун” сайтында аталган эки медиа – АКШ өкмөтү тарабынан каржыланган, көз карандысыз кызматкерлери бар жана инклюзивдик, тең салмактуу чагылдырууга умтулган маалымат уюмдары экени айтылат.

Ооганстанда бийликти талибдер басып алган 2021-жылдын 15-августунан бери өлкөдөгү маалымат каражаттарына жана журналисттерге бир катар чектөөлөрдү киргизген. Талибан ошондой эле теле алып баруучу аялдарга эфирге бетин жаап чыгуу талабын койгон.

Эркин медиа уюмдар талибдерди цензура, журналисттерди куугунтуктоо, аял журналисттерди басмырлоо үчүн айыптап келет. Талибдердин чектөөлөрүнөн жана экономикалык кыйынчылыктардан улам ондогон жеке телеканалдар, радиостанциялар жана басма сөз каражаттары ишин токтотту. Ооган медиасынын жүздөгөн кызматкерлери куугунтуктан коркуп, өлкөдөн чыгып кетишкен.

"Талибан" кыймылы 2006-жылы Кыргызстанда сот чечими менен экстремисттик деп табылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG