Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:47

Иранда диниятчылар демонстранттарга куугунтукту токтотууга чакырды


Ирандык демонстранттар.
Ирандык демонстранттар.

Ирандын түштүгүндөгү Систан жана Белужистан провинциясынын суннит диниятчылары Ислам жумуриятынын бийлигине кайрылып, демонстранттарды кандуу куугунтуктоону токтотууга чакырган видео таратты.

29-ноябрда жарыяланган видеодо билдирүүгө кол койгондордун мечитте чогуу отурганын көрүүгө болот.

Иранда 22 жаштагы активист Махса Амини аттуу кыз хижабсыз жүргөнү үчүн полиция кармап кеткенден кийин каза болгон соң өлкөдө жапырт нааразылыктар жаралган. Иран бийлиги эркиндикти талап кылган митингдерди күч менен басууда. Мындан 400дөн ашуун адам өлгөнү кабарланган.

Кеңири жайылган демонстрацияларды эксперттер 1979-жылдагы ыңкылаптан берки ислам өкмөтү үчүн эң чоң коркунуч катары сыпаттап жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG