Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:59

Шайлообек Атазов аны суракка алган прокуратурага нааразылыгын билдирди (видео)


Шайлообек Атазов.
Шайлообек Атазов.

Жогорку Кеңештин 1-декабрдагы жыйынында депутат Шайлообек Атазов прокуратурага суракка чакырылганын билдирди.

Аны 30-ноябрда иш бөлмөсүнөн үч прокуратура кызматкери чакырып кеткенин, суракта шайлоочулардан келген кайрылуулар боюнча маалымат бергенин айтты.

"Дордойдогу" контейнерден ишкердин 120 миң доллар алып кеткенин айттым эле. Ал айыл өкмөттө үч жолу соттолгон шылуун экен. Ошол эле күнү кечке чейин таап келе турган болушту. 24 миң доллар алган (Жаныбектики) боюнча чакырып, арыз жаздырып, ишти баштады. Сузактагы инвесторду Өзбекстанга кууп ийип, өздөрү басып алгандар кечээ 480 миң доллар беребиз деп убада беришиптир. Бул бир айдан бери Камчыбек Кыдыршаевич (ред. - Ташиев) кийлигишип, УКМК, Башкы прокуратура жана Сузак райондук прокуратурасы биргелешип карап жаткан иш болчу. Ушул иштер боюнча депутаттар көтөргөндөн кийин иштеш керек беле?", - деди Атазов.

Депутат шайлоочулардан прокуратура кызматкерлерине нааразылыктар айтылып жатканын кошумчалады.

Депутат Камила Талиева эл өкүлдөрүнүн прокуратурага суракка чакырылышын сынга алды. Ал депутат ой-пикири, сүйлөгөн сөзү үчүн куугунтукка алынбашы керектигин белгилеп, буга мыйзамдык жана саясий баа берүүнү сунуштады.

Кечээ 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов менен Жеңишбек Токторбаев Башкы прокуратурага күбө катары сурак берип чыгышканын Фейсбукка жазышкан. Анда Атазов үч саат суракта болуп, шайлоочулардан келген кайрылуулар боюнча маалымат бергенин билдирген. Токторбаев болсо 3,5 саат суракта болгонун жазып, кайсы маселе боюнча суралганын тактаган эмес.

Башкы прокуратура бул маселе боюнча комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG