Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:28

Июнь коогасы: сотко бийликтеги адамдар күбө катары чакырылат


Июнь коогасы боюнча сот отуруму. 1-декабрь, 2022-жыл.
Июнь коогасы боюнча сот отуруму. 1-декабрь, 2022-жыл.

Июнь окуясы боюнча айыпталып жаткан Кеңешбек Дүйшөбаев сотто көрсөтмө берип, күбө катары президент Садыр Жапаровду, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Акматбек Келдибековду жана Талант Мамытовду чакырууну сунуштады.

Сот бул өтүнүчтү канааттандырды.

Айыпталуучулардын бири Исмаил Исаков Кадыржан Батыровду күбө катары алып келүү талабын коюп, сот аны четке какты.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) 2021-жылы жазында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген.

Анын алдында президент Садыр Жапаров атайын кызматка Июнь окуясындагы материалдарды кайра иликтөөнү тапшырган.

Кылмыш иши Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы башчысы, кооганын чыгышына күнөөлүүлөрдүн бири деп аталган маркум Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экенин кабарланган.

Кылмыш ишинин алкагында 20дай саясатчы суралды. Арасында 2010-жылы өлкөнү жетектеген Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да бар.

Президент Садыр Жапаров жана атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев дагы бул иш боюнча сурак бергени расмий жарыяланган.

Расмий маалыматка ылайык, 2010-жылы Оштогу кандуу калабада 446 адам каза болуп, 2 миңге чукулу ар кандай деңгээлде жараат алган. Ошол окуя учурунда 57 адам дайынсыз жоголгон, алардын 15дөн ашыгы ушул күнгө чейин табыла элек.

2011-жылы Абдыганы Эркебаев башында турган Улуттук комиссия да коогалаң боюнча иликтөө жүргүзүп, "куралдуу кан төгүүгө Кадыржан Батыров башында турган сепаратисттик күчтөр, өлкөдөн чыгып кеткен ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин жактоочулары жана кырдаалды туруксуздаштырууга кызыкдар сырткы күчтөр себепкер болду" деген корутунду чыгарган.

Кадыржан Батыров 2018-жылы 4-декабрда Украинанын Одесса облусунда көз жумган. Курманбек Бакиев ушу тапта Беларуста баш калкалап жүрөт. (TSh/BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG