Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

2-декабрдын аба ырайы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2-декабрда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерелеринде, Чүй облусунун тоолорунда кар жаайт. Күндүз Ош облусунун көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Чүй облустарынын тоолорунда кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз -2…+3;

Талас жергесинде түнкүсүн -4...-9, күндүз -2…+3;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз -2...+3;

Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…-5;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -19...-24, күндүз -9...-14.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз -1...+1 градус болот.

XS
SM
MD
LG