Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:13

Июнь коогасы: Алмазбек Атамбаев соттун жүрүшүн "цирк" деп атады (видео)


Алмазбек Атамбаев, саясатчы Бектур Асановдун, Кеңешбек Дүйшөбаев.
Алмазбек Атамбаев, саясатчы Бектур Асановдун, Кеңешбек Дүйшөбаев.

Бүгүн, 1-декабрда Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунда Июнь окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин, саясатчы Бектур Асановдун, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин иши карала баштады.

Атамбаев отурум башталганда сотту "цирк" деп атап, ишти өзүнүн катышуусу жок эле кароону өтүндү.

"Мени бул соттон бошотуп эле өзүңөр өткөрө берсеңер. Мага барып-келиш да кыйын болуп жатат, Мени бул "циркке" катыштырбай эле өткөргүлө", - деди.

Атамбаев темир торду тепкилегенден кийин аны залдан алып чыгып кетишти.

Июнь окуясы боюнча кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнү 10-августта белгилүү болгон. Анын негизинде 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү - мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, ал кездеги коргоо министри Исмаил Исаков, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асановго “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча айып коюлган.

Исмаил Исаков тергөө үстүртөн жүрүп, бир нече жагдайлар эске алынбай калганын айтты. Буга чейин Башкы прокуратура тергөө ар тараптуу жүргөнүн билдирген.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) былтыр жазында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын жарыялаган. Анда кылмыш иши Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы башчысы, кооганын чыгышына күнөөлүүлөрдүн бири деп аталган маркум Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экенин кабарлаган.

Кылмыш ишине байланыштуу быйыл 20дай саясатчы сурак берген. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнөн тышкары учурдагы президент Садыр Жапаров жана атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев дагы суракка кирип чыккан.

Расмий маалыматка ылайык, 12 жыл мурда болгон Июнь окуясында 446 адам каза болуп, 2 миңге чукулу ар кандай деңгээлде жараат алган. 57 адам дайынсыз жоголгон, алардын 15тен ашыгы ушул күнгө чейин табыла элек.(TSh/BCh)

XS
SM
MD
LG