Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:46

Исаков Июнь окуясы боюнча тергөө үстүртөн жүргөнүн айтып чыкты


Исмаил Исаков
Исмаил Исаков

2010-жылдагы Июнь окуясы боюнча кылмыш иште айып тагылгандардын бири, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков тергөө үстүртөн жүрүп, бир нече жагдайлар эске алынбай калганын айтып чыкты. Бул тууралуу ал «Азаттыкка» курган маегинде билдирди. Анын айтымында, тергөөдө айыпталуучулар сунуштаган өтүнүчтөр эске алынбай, бир тараптын гана дооматтарына басым жасалган.

"Негизги ишти тергөө аткырышы керек болчу. Анын жүрүшүндө ар бир коюлган доомат боюнча адамдарды алып келип беттештириш керек эле. Бир нече адам менен беттештирүү керек деп өтүнүч келтирдик. Бирок ал аткарылган жок", - деди Исаков.

2010-жылдагы июнь окуясы боюнча кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнү 10-августта белгилүү болду. Анын негизинде 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү - мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, ал кездеги коргоо министри Исмаил Исаков, УКМКнын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асановго “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча айып коюлду. Бул боюнча алгачкы соттук жараян 15-августта башталат.

Буга чейин Башкы прокуратура тергөө ар тараптуу жүргөнүн билдирген.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) былтыр жазында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген. Анда кылмыш иши Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы башчысы, кооганын чыгышына күнөөлүүлөрдүн бири деп аталган маркум Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экенин кабарлаган.

Кылмыш иши былтыр козголгону менен тергөө иштери быйыл активдүү жүрүп, 20дай саясатчы суралган. Алардын арасында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, президент Садыр Жапаров жана атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев дагы суралганы расмий жарыяланган. (BkA)

"Бийликке кемчилигин ачык айтам деп жакпай калдым"
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:14 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG