Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:17

АКШда жазуучу Салман Рушдиге кол салган адамдын тек-жайы аныкталды


Салман Рушди
Салман Рушди

АКШнын Нью-Йорк штатынын полициясы 12-августта жазуучу Салман Рушдиге кол салган адамдын тек-жайы аныкталганын кабарлады. Ал 24 жаштагы Хади Матар аттуу Нью-Жерсинин тургуну болуп чыкты. Кылмышка шектүү эмне себептен мындай кадамга барганы азырынча расмий айтыла элек.

Британ жазуучусу Салман Рушдиге 12-августта Нью-Йорктогу Чотокуа деген жерде лекция окуп жатканда кол салуу болгон. Дарс башталар алдында залдагы адамдардын бири чуркап чыгып, жазуучуга бычак сайган. Мойнунан жана денесинин бир нече жеринен жараат алган Рушди тик учак менен ооруканага жеткирилип, операция жасалды. BBC жазуучунун агентине шилтеме берип, бейтап бир көзүнөн ажырашы мүмкүн экенин жазып чыкты.

Бул кол салуунун Британиянын премьер-министри Борис Жонсон кескин айыптады.

75 жаштагы Салман Рушди “Шайтандын аяттары” деген китептин автору. 1989-жылы бул китеп басылган соң Ирандын руханий көсөмү, аятолла Хомейни чыгарма “исламды каралайт” деп, жазуучуну өлүм жазасына тартуу жөнүндө фатва чыгарган. Хомейни 1989-жылы дүйнө салган. Бирок анын мураскери аятолла Али Хаменеи 2005-жылы фатва күчүндө кала берерин билдирген.

Салман Рушдинин өмүрүнө болгон коркунучтан улам британ бийлиги 1989-жылы мартта Тегеран менен дипломаттык мамилесин үзүп, жазуучуну бир нече жыл полиция кайтарып, жашыруун жашаган.

Иран 1998-жылы Британия менен мамилесин калыбына келтиргенде фатваны өзгөртө албасын, себеби аны 1989-жылы дүйнө салган Хомейни гана жокко чыгара аларын айтып кутулган. Андан бери жазуучу чыгармачыл ишин улантып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG