Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:11

Кадыржан Батыровдун мүлкүн каттоо түйшүгү


Жалал-Абад шаарынын мэриясы 2010-жылы мурунку президент Курманбек Бакиевдин жакындарына таандык экендиги сөз болуп жүргөн базарды жана Кадыржан Батыровго тиешелүү көп кабаттуу үйдү өзүнө каттата албай жатат.

Анткени Башкы прокуратура 2010-жылы бул мүлктү камакка алуу чарасын бекитип, Сузак райондук сотунун чечими чыккан. Бирок 2017-жылы шаардагы Батыровго тиешелүү жер тилкеси камактан чыгарылып, «Газпром» спорт зал куруп берди.

2016-жылдын сентябрь айында өкмөттүн токтомунун негизинде Бакиевдерге тиешелүү Курманбек көчөсүндөгү 33 миң чарчы метрдеги курулуш базары жана Кадыржан Батыровго таандык Жамашев көчөсүндө жайгашкан 52 батирлүү көп кабаттуу үй мэриянын менчигине өткөрүлүп берилген. Бирок шаар жетекчилиги азыркыга чейин ал мүлктү өзүнө каттата албай жатат.

Мэриянын муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын бөлүм башчысы Чыңгыз Султанов Мамкаттоо мамлекеттештирилген мүлк камактан чыгарыла элек экенин жүйө келтирип жатканын айтты:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-сентябрындагы токтому менен Жалал-Абад шаарындагы З.Жамашев көчөсүндө мурда Кадыржан Батыровго таандык болгон көп кабаттуу үй жана Бакиевдердин жакындарына таандык болгон Курманбек көчөсүндөгү 33 миң чарчы метр жер мамлекеттик менчиктен муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилген. Ал мүлктү өзүбүзгө каттатуу боюнча шаардык мамлекеттик каттоо башкармалыгына кайрылганбыз. Бирок ал мүлк камакта экендигин жүйө келтирип, кайрылууларыбызды четке какты. Бул багытта бир нече ирет сотко кайрылганыбыз менен жыйынтык чыккан жок. Мамлекет тараптан мүлктү бизге берип жатканда камактан чыгаруу маселеси каралбаптыр. Азыр биз Мамкаттоонун кыймыл-аракетине баа бериш үчүн район аралык сотко кайрылалы деп турабыз.

Батыровго тиешелүү көп кабаттуу үйдү 2010-жылдан кийин жергиликтүү тургундар басып алышкан. Алардын 32си ушул тапта мыйзамсыз жашап жатат.

Башкы прокуратура 2010-жылы Кадыржан Батыровдун мүлкүн камакка алуу чарасын бекитип, Сузак райондук сотунун чечими чыккан. Кийин ал мамлекеттин карамагына алынган. Шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Нуридин Мисиралиев буларга токтолду:

- Жогорудагы мүлктүн экөөндө тең Башкы прокуратура жана облустук прокуратура тарабынан жана райондук сот тарабынан кабыл алынган камакка алуу чарасы жоюла элек. Ошондуктан биз аларды каттап бере албай турганыбызды айтканбыз. Кайсы орган мүлктү камакка алуу жөнүндө чечим кабыл алса, кайра ошол орган жокко чыгарышы керек. Бул жерде маселе бар. Өкмөттүн токтому менен шаар бийлигине берилгени менен азыр деле мүлктө мамлекеттик мүлк фондунун карамагында. Аны документтештирүү процесси боло элек.

Батыровдун камакка алынган 28 объектисинин ичинен 2017-жылы мурунку консерва заводунун аймагындагы 1 гектардан ашыгыраак жерине «Газпром» ишканасы былтыр спорт комплексин куруп, 2018-жылдын ноябрь айында анын расмий ачылышы болгон.

Укук коргоочу Анарбай Орозов бир гана ошол жер тилкеси камактан саясий негизде чыгарылып, мыйзамсыз курулуш иштери жүргөнүн айтты:

Анарбай Орозов.
Анарбай Орозов.

- Камактагы Кадыржан Батыровдун жерине спорт комплексин куруу таптакыр туура эмес чечим болгон. Аны ошол кездеги мэр Салайдин Авазов менен шаардык кеңештин депутаттары сунуш кылган. Камактагы мүлккө шаардын эч кандай тиешеси жок болчу. Мамкаттоо кызматы документ даярдап, мыйзамсыз иштерге жол берген. Азыр буларга кылмыш ишин козгосо болот. Ошол учурдагы шаардык кеңештин төрагасы, азыркы шаар башчы Мураталы Тагаев да аралашкан. Мындан сырткары Батыровдун камактагы мүлкү талоонго учурап, сатылып кеткен фактылар толтура. Азыр мүлктү караган «Элдик» ишканасынын жетекчисинин иши сотто каралууда. Андан башка батирлерин жана мүлкүн саткан адамдарга карата укук коргоо органдары чара көрбөй жатат.

«Элдик» ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу Алексей Апиев Батыровго тиешелүү бул жер саясий негизде камактан чыгарылгандыгын билдирди. Ал төрт ай мурда ачылган спорт комплекси азыр иштей элек экенин айтты:

- Батыровдун камактагы ушул жерине спорт комплекс куруу саясий чечим болуп, камактан да ошонун негизинде чыгарылган. 2017-жылы мурунку президент Алмазбек Атамбаев капсула салып, баштап берген. Жалпы жонунан 260 млн. сомго жакын каражат коротулуп, былтыр Жогорку Кеңештин төрагасынын катышуусунда ачылган. Учурда комплекс биздин карамагыбызда турат. Аны мэрияга өткөрүп бериш үчүн өкмөттүн токтому керек. Ошондуктан комплекс азыр иштебей турат.

Жалал-Абад шаарында жайгашкан Кадыржан Батыровдун мүлкүнүн сатылышына байланыштуу облустук прокуратура «Элдик» ишканасынын жетекчиси Нурлан Сулаймановго козгогон кылмыш иши азыр шаардык сотто каралууда. «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен айыпталган Сулайманов былтыр октябрь айында жумушунан да убактылуу бошотулган.

Кадыржан Батыров 2010-жылы июнь окуясына күнөөлүү деп табылып, сыртынан өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган. Андан соң 2011-жылы бардык мүлкү соттун чечими менен конфискацияланган. Анын негизинде Батыровго жана жубайы Карамат Батыровага таандык 28 объект камакка алынып, кийин соттун чечими менен мамлекеттин пайдасына өткөрүлгөн. Андан соң Мамлекеттик мүлк фондунун карамагында «Элдик» ишканасы уюштурулуп, мүлктү башкаруу ошол ишканага берилген.

Былтыр декабрда Кадыржан Батыров 4-декабрда Украинанын Одесса облусунда 62 жаш курагында көз жумганы, сөөгү Өзбекстанда жерге берилгени кабарланган. Маалыматтын чын-төгүнүн Кыргызстандын мамлекеттик органдары аныктаган эмес.

Ал эми мурдагы президент Курманбек Бакивге жана анын туугандарына таандык 40тан ашык обьект кезегинде мамлекеттештирилип, алардын бири шаардын мэриясына берилсе, бир имаратында азыр шаардык прокуратура иштеп жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG