Линктер

жекшемби, 19-май, 2019 Бишкек убактысы 14:36

Кадыржан Батыровдун сөөгү Өзбекстанда жерге берилди


Кадыржан Батыровдун сөөгүн кабырга көтөрүп бараткан кишилер.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты, бозгунда жүрүп көз жумган Кадыржан Батыровдун сөөгү Өзбекстандын Ташкент облусундагы Занги-Ата районунда жерге берилди.

Маркумдун жакындары "Азаттыктын" өзбек кызматына билдиргендей, райондун акимчилиги алгач сөөктү жашырууга уруксат берген эмес. Узакка созулган сүйлөшүүдөн соң макулдук алынып, райондогу көрүстөндөрдүн бирине көмүлдү.

Маркумдун жакындары анын сөөгүн Жалал-Абадда жерге берүү мүмкүнчүлүктөрүн караштырган. Буга байланыштуу маселе жергиликтүү жетекчилер, аксакалдар жана расмий адамдар менен кеңешилген. Бирок сөөктү Кыргызстанга алып келбөө тууралуу чечим кабыл алынган.

Кадыржан Батыров 4-декабрга оогон түнү Украинанын Одесса облусунда көз жумган. Маалыматтарга караганда, ал куптан намазын окугандан кийин жаткан бойдон ойгонгон эмес.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Жалал-Абаддагы өзбек улуттук-маданий борборун мурда жетектеген Кадыржан Батыровго 2010-жылы Кыргызстанда "улут аралык жаңжалды козуткан", "жикчилдикке чакырган", "калайман башаламандык уюштурган" деген айып тагылган жана өмүр бою эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланган.

Ал өзү 2016-жылдын октябрь айында "Азаттык" радиосунун өзбек кызматы менен болгон маегинде Кыргызстандан 2010-жылдын 20-майында ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн “өтүнүчү” менен чыгып кеткенин билдирген. Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү Батыровдун бул айткандарын четке каккан. Батыров бир нече жыл мурда Швециядан саясий качкын макамын алган.

XS
SM
MD
LG