Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:10

Кадыржан Батыровдун сөөгү Кыргызстанга коюлбайт


Кадыржан Батыров. 2016-жыл.
Кадыржан Батыров. 2016-жыл.

Кыргызстанда өмүр бою абакка кесилген, Украинанын Одесса облусунда 62 жаш курагында көз жумган Кадыржан Батыровдун сөөгү Кыргызстанга коюлбайт. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматы бир канча булактар аркылуу тастыктаган.

Маркумдун жакындары анын сөөгүн Жалал-Абадда жерге берүү мүмкүнчүлүктөрүн караштырган. Буга байланыштуу маселе жергиликтүү жетекчилер, аксакалдар жана расмий адамдар менен кеңешилген. Анын натыйжасында Кадыржан Батыровдун сөөгүн Кыргызстанга алып келбөө тууралуу чечим кабыл алынган.

Кадыржан Батыров 4-декабрга оогон түнү Украинанын Одесса облусунда көз жумган. Ал куптан намазын окугандан кийин жаткан бойдон ойгонгон эмес.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, Жалал-Абаддагы мурдагы өзбек улуттук-маданий борборун жетектеген Кадыржан Батыровго 2010-жылы Кыргызстанда "улут аралык жаңжалды козуткан", "жикчилдикке чакырган", "калайман башаламандык уюштурган" деген айып тагылган жана өмүр бою эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланган.

Ал өзү 2016-жылдын октябрь айында "Азаттык" радиосунун өзбек кызматы менен болгон маегинде Кыргызстандан 2010-жылдын 20-майында ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн “өтүнүчү” менен чыгып кеткенин билдирген. Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү Батыровдун бул айткандарын четке каккан.

Кадыржан Батыров 2016-жылы 21-сентябрда ЕККУнун Варшавадагы жыйынында сөз сүйлөп, Кыргызстандагы Баш мыйзамдын өзгөрүшүнө каршылыгын билдирип, аз улуттардын өкүлдөрү кысымга алынып жатканын айтып чыккан.

Кыргызстандын ошол кездеги тышкы иштер министр Эрлан Абдылдаев ЕККУнун Батыровго трибуна беришине расмий Бишкектин нааразылыгын Бириккен Улуттар Уюмунда билдирген.

Кадыржан Батыров бир нече жыл мурда Швециядан саясий качкын макамын алган.

XS
SM
MD
LG