Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Чех министри орусиялыктарга Шенген визасын берүүгө тыюу салууну колдоду


Чехиянын тышкы иштер министри Ян Липавский
Чехиянын тышкы иштер министри Ян Липавский

Чехия Кремлдин Украинага кол салышына жооп катары орусиялыктарга Шенген визаларын берүүнү токтотуу чечимин колдойт. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жазып чыкты. Андагы маалыматка караганда, Чехиянын тышкы иштер министри Ян Липавский орусиялыктар эрдемсиген саясаттын кесепети болорун түшүнүшү керектигин билдирген. Министр расмий Прага бул маселени Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин ушул айдын аягындагы жыйынында көтөрүп, мунаса табууга аракет кыларын кошумчалаган.

Чехия 2022-жылдын аягына чейин Европа Биримдигине төрагалык кылууда.

Буга чейин орус жарандарынын Европа өлкөлөрүнө киришине тыюу салуу чакырыгын Украинанын президенти Владимир Зеленский жасаган. Бул сунушту Эстония, Латвия, Финляндия сыяктуу Еврошаркетке мүчө өлкөлөрдүн лидерлери колдогон.

Ал эми Германиянын канцлери Олаф Шольц Украинадагы согуш үчүн Орусиянын президенти Владимир Путиндин жеке жоопкерчилиги бар экенин, бардык орусиялыктарга тыюу салууга каршы экенин кыйыткан эле.

Еврокомиссия да Орусиянын бардык жарандарына Шенген визасын берүүгө тыюу салуу шаркеттин нормаларына каршы келерин билдирген.

Еврошаркет 26-февралдан баштап Орусия менен жеңилдетилген виза режимин убактылуу токтоткон. Европанын бир катар өлкөлөрүнүн элчиликтери жана виза борборлору орусиялыктарга кыска мөөнөттүү Шенген визасын берүүнү азайтты же толугу менен токтотту.

Орусиянын аскерлери президент Владимир Путиндин буйругу менен 24-февралда Украинанын аймагына басып кирген. Аскердик кол салуунун максатын ал Украинаны “денацификациялоо” жана “демилитаризациялоо” деп атаган, бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG