Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:57

Бишкекте "Колумдан келет" деген форум өтүп жатат


Майыптыгы бар адамдардын Эл аралык күнүн утурлай өткөрүлгөн иш-чарадан бир көрүнүш. Иллюстрациялык сүрөт.
Майыптыгы бар адамдардын Эл аралык күнүн утурлай өткөрүлгөн иш-чарадан бир көрүнүш. Иллюстрациялык сүрөт.

Майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнүн утурлай бүгүн, 2-декабрда Бишкекте "Колумдан келет" деп аталган форум өтүп жатат. Анда майыптыгы бар адамдарга коомдун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө иши менен салым кошууга мүмкүнчүлүк берүү жолдору талкууланууда.

Мындан тышкары майыптыгы бар балдардын инклюзивдүү билим алуу укугу жөнүндө программаны ишке ашыруу маселеси да ортого салынат.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык маселелер боюнча орун басары Эдил Байсалов, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, эл аралык, жарандык уюмдардын өкүлдөрү жана майыптыгы бар жарандар катышууда.

Форумдун аягында спортто жана башка тармактарда ийгиликтерге жетишкен майыптыгы бар адамдар, блогерлер, активисттер сүйлөшөт. Мындан тышкары атайын концерт уюштурулат.

3-декабрь Майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнү.

Учурда Кыргызстанда зомбулукка, түрдүү басым-кысымга каршы, адам укуктарынын корголушуна арналган 16 күндүк өнөктүк жүрүп жатат. Анын алкагында адам укуктарын коргоого багытталган бир катар иш-чаралар жер-жерлерде өтүүдө. Өнөктүк иши 10-декабрь - адам укугунун эл аралык күнүндө жыйынтыкталат.

Республика боюнча 202 300 майып адамдар бар, алардын 35 миңи балдар. Быйыл 1-июндан тартып 18 жаштан жогорку 1- топтогу майыптыгы бар жарандарга жеке жардамчы кызматы киргизилди. Майыптыгы бар адамдарды караган жардамчылардын саны жалпы өлкө боюнча 8493 адам. Алардын айлык акысына казынадан жылына 305, 7 млн. сом бөлүнөт.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG