Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Жеңишбек Токторбаев ИИМге да суракка чакырылганын айтты


Жеңишбек Токторбаев.
Жеңишбек Токторбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев Башкы прокуратуранын сурагынан кийин өзүн Ички иштер министрлиги да суракка чакырып жатканын кабарлады.

Ал бул маалыматты бүгүн, 2-декабрда "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун кошмо жыйынында айтты.

"Элдин талабын ушул микрофондон айта коем деп, прокуратуранын кызматкерлери бизди куугунтукка алып жатат. Башкы прокуратурага кечээ суракка чакырылдым, бүгүн чакырышты. Азыр эми Ички иштер министрлигинин Кылмыш издөө башкы башкармалыгынан да чакырып атышат. "Келбесеңиз, зордоп алып келебиз" дешти. Башкы прокуратурага тергөөнү бергенден кийин, алар күчтүү мекеме болуп кетти. Кылмыш ишин өздөрү козгойт, өздөрү тергейт, өздөрү кааласа токтотот, кааласа кайра козгойт, анан өздөрү сотко барып, жаза мөөнөтүн сурашат. Бул жерде анык коррупциялык кызыкчылык бар. Ошондуктан, тергөө органы өзүнчө болуш керек. Орусиядагыдай тергөө башкармалыгы президенттин алдында болушу керек деп айткам", - деди Токторбаев.

Депутат бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2024-2025-жылдарга бюджетин карап жаткан учурда айтты.

Депутаттар Жеңишбек Токторбаев жана Шайлообек Атазов 30-ноябрда парламенттин жалпы отурумунда прокуратуранын дарегине сын айткан. Токторбаев Башкы прокуратура кылмыш ишин тергөө укугу берилгенден бери монстрга айланганын билдирген.

Эки депутат тең ушул эле күнү Башкы прокуратурада үч сааттай сурак берип чыккан.

Жеңишбек Токторбаев 1-декабрда парламенттин отурумунда президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге жана спикер Нурланбек Шакиевге кайрылып, элдин арыз-муңун айтканы үчүн күнөөлүү болуп жатканына көңүл бурууну суранган.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Сирожиддин Камолидинов депутаттар парламентте көтөргөн маселелерин текшерүү максатында, маалымат алуу үчүн суракка чакырылганын "Азаттыкка" билдирди.

Акыркы жумаларда күч түзүмдөрүнөн куугунтук көрүп жатканын бир нече депутат айтып чыкты.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG