Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:31

Садыков: Ооруканаларга кайрылгандардан арыз көп түшүүдө


Бишкектеги Балдардын тез жардам ооруканасындагы кезек күтүү.
Бишкектеги Балдардын тез жардам ооруканасындагы кезек күтүү.

Кыргызстанда балдар жана инфекциялык ооруканалардын ишине даттангандар көп болууда.

Бул тууралуу 2-декабрда саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыков басма сөз жыйынында кабарлады.

"Азыркы тапта жугуштуу ооруларды дарылап жаткан стационарлар, айрыкча Бишкектеги балдар, инфекциялык ооруканаларга даттангандар көп. Ал жакка кайрылуулар да көп болгондуктан, нааразы болгондор да арбын", - деди ал.

Буга чейин саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова бейтаптар эң көп арызданган ооруканалардын жетекчилерин иштен бошотуу маселеси каралып жатканын айткан. Ал ушул тапта өлкөдөгү айрым ооруканалардын жетекчилеринин жоопкерчилиги төмөн экенин моюнуна алган.

Бишкекте балдарды дарылаган негизги эки мекеме бар. Алар – Балдарга тез жардам көрсөтүүчү шаардык клиникалык оорукана жана Эне-баланы коргоо улуттук борбору.

Вирустук жугуштуу ооруларды Республикалык жугуштуу оорулардын клиникасы дарылайт. 29-ноябрда мезгилдик сасык тумоо көбөйгөндөн улам Бишкектеги бейтапканалар дем алыш күндөрү иштөө тартибине өткөн.(BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG