Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Жогорку медициналык билим программасы боюнча лицензия берүү убактылуу токтотулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети жогорку медициналык билим берүү программасы боюнча лицензия берүүнү убактылуу токтотту. Өкмөттүн басма сөз кызматы 23-ноябрда билдиргендей, мораторий медициналык кадрларды даярдоо сапатын жогорулатуу максатында 2022-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 1-январына чейинки мөөнөткө киргизилди.

“Акыркы беш жыл ичинде 12 жылдык билим базасында беш жылдык окуу мөөнөтү менен, англис тилдүү чет элдик жарандар үчүн «Дарылоо иши» программасын ишке ашырган 10 жаңы жогорку окуу жай ачылды. Учурда медицина тармагына лицензия алуу үчүн арыз кабыл алуу уланууда (беш арыз кароодо), алардын бардыгы жетиштүү клиникалык база жана тийиштүү кадрлар менен камсыздалган эмес. Жогорку окуу жайлары тиешелүү кадрдык, методикалык жана башка ресурстук камсыздоосу жок туруп, медициналык программаларга лицензия алууга аракет кылуу тенденциясы байкалууда. Бул жогорку медициналык билим берүүнүн сапатынын кескин төмөндөшүнө алып келген” деп белгиленди өкмөттүн маалыматында.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда жогорку билимдүү медициналык кадрларды 22 окуу жай даярдайт, анын бешөө мамлекеттик жана 17си – жеке менчик. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG