Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Мугалимдерди жана дарыгерлерди шайлоо ишине тартууга тыюу салынары эскертилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана медицина тармагынын кызматкерлерин шайлоого байланыштуу иштерге тартууга тыюу салынарын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн 23-ноябрда парламенттик шайлоону уюштуруу боюнча республикалык штабдын жыйынында сүйлөп жатып эскертти.

Жапаров бийликтин милдети - жарандардын эркин билдирүүсү үчүн зарыл шарттарды камсыз кылуу экенин белгилеп, добуш берүү бекеттери керектүү жабдуу, байланыш жана интернет менен жабдылганын айтты. Ошону менен катар ал коронавирус пандемиясына байланыштуу ар бир шайлоо бекетинде тийиштүү санитардык талаптар сакталышы керектинин белгиледи.

Шайлоо процессине республикалык бюджеттен 623 миллион сом бөлүнгөнү айтылды.

28-ноябрда өтө турган шайлоонун жыйынтыгында Жогорку Кеңештин 90 депутатынын 54ү Кыргызстан боюнча бирдиктүү округдан партиялык тизме менен, ал эми 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келиши керек. Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо өтө ыплас өткөнүнө нааразылар эртеси күнү Бишкекте митинг өткөрүп, өлкөдө бийлик алмашкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG