Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:33

Быйылкы ажылыкка Кыргызстанга 6 миң орун бөлүндү


Замир Ракиев жана Абдел Фаттах бин Сулейман. Мекке шаары.
Замир Ракиев жана Абдел Фаттах бин Сулейман. Мекке шаары.

Сауд Арабиясы Кыргызстанга быйылкы жылга ажылыкка 6 миң кишиге квота берди. Бул тууралуу 10-январда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, муфтий Замир Ракиев Мекке шаарында Сауд Арабиясынын ажылык министринин орун басары Абдел Фаттах бин Сулейман менен жолукту. Анда былтыркы жылдын ажылык сапары жакшы уюштурулганы белгиленип, быйылкы ажылыкта да бардык талаптар аткарылат деген тилектештик айтылды.

Эгерде COVID-19 сыяктуу жугуштуу оорулар чыга турган болсо квота кыскартылып, чектөөлөр кирип калышы мүмкүн экени эскертилди.

Муфтий баштаган кыргыз делегациясы 8-январдан бери Мекке шаарында иш сапарда жүрөт.

Муфтияттын маалыматына караганда, 2019-жылдан бери ажылыктын электрондук базасында 4313 адам кезекте турат.

2021-жылы Кыргызстандын жарандарына ажылыкка барууга 2766 квота бөлүнгөн.

2020-жылы 6110 адамга бөлүнгөнү менен ал жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу ажылык сапар болбой калган. 2021-жылы да ушул эле себептен улам уюштурулган эмес. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG