Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Түнкү клубдагы окуя: УКМК кызматкерлери иштен алынды


Окуянын Интернетте тараган видеосунан алынган сүрөт. Sky bar түнкү клубунун алды. Ош шаары.
Окуянын Интернетте тараган видеосунан алынган сүрөт. Sky bar түнкү клубунун алды. Ош шаары.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) түнкү клубдагы окуяга тиешеси бар экени аныкталган кызматкерлери жумуштан кетирилгенин 10-январда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, быйыл 2-январда Ош шаарындагы Sky Bar жайында УКМКнын айрым кызматкерлери катышкан окуяны мекеменин Жеке коопсуздук кызматы териштирип чыкты. Жыйынтыгында бул окуяга тиешеси бар экени аныкталгандар “коомдук тартипти бузганы үчүн” жана “улуттук коопсуздук органдары деген жогорку наамга шек келтиргени үчүн” деген негизде кызматынан алынды.

Түнкү клубда УКМКнын "Альфа" атайын даярдыктагы тобунун офицери менен Бажы кызматынын кызматкери бирөөлөрдү токмоктоду деген окуяны Аскер прокуратурасы иликтеп жатат.

Окуяда жабыркаган тараптан арыз түшпөгөнүн билдирген Ош шаардык милициясы топтолгон видео далилдердин негизинде алдын ала териштирип, кылмыш ишин козгоо үчүн материалдарды Аскер прокуратурасына өткөрүп бергенин маалымдаган.

Айыпталып жаткан тарап окуя тууралуу комментарий бере элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG