Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:58

Чехиянын соту мурдагы премьер-министр Андрей Бабишти актады


Андрей Бабиш.
Андрей Бабиш.

Праганын соту ушул аптада өтчү президенттик шайлоого талапкер болгон Чехиянын мурдагы премьер-министри Андрей Бабишти актады.

Соттун чечимине ылайык, Бабиштин аракетинде кылмыштын курамы табылган эмес. Өкмөт бул чечимдин үстүнөн даттанууга укугу бар.

Айыптоочу тарап Бабиш чакан бизнеске берилген Евробиримдиктин жардамын алуу үчүн мейманкананын ээси экенин жашырып койгон деп билдирген.

69 жаштагы Андрей Бабиш - ишкер, миллиардер, химиялык өнөр жай, айыл чарба, тамак-аш өндүргөн жана маалыматтык компаниялардын ээси.

Чех парламентиндеги ANO партиясынын башчысы кылмыш ишинин козголушун өзүн президенттик шайлоого катыштырбоо аракети деп баалаган.

Ал 2014-2017-жылдары Чехиянын финансы министри болуп, 2017-2021-жылдары премьер-министр кызматын аркалаган.

Бабиш талапкерлигин койгон президенттик шайлоонун биринчи туру 13-14-январда өтөт. Сурамжылоолорго караганда, Бабиш экинчи турга чыгууга аракет көрүүдө. Анын негизги атаандаштары - отставкадагы генерал Петр Павел жана экономист Дануше Нерудова. Бабиш жана анын каршылаштары соттун чечими тууралуу комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG