Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:05

Харьковдогу ракеталык чабуул эки аялдын өмүрүн алды


Шевченково.
Шевченково.

Харьков облусунун Шевченково айылындагы базарга жасалган ракеталык чабуулда эки аял каза болуп, бир канча адам, анын ичинде 10 жаштагы бала жараат алды. Украина бийлигинин 9-январдагы маалыматына караганда, орус күчтөрү Белгород облусунун аймагынан С-300 зениттик-ракеталык комплексинен сокку урган. Орусия бул окуяга комментарий берген жок.

Орусиянын чек арасынан 30 чакырым алыстагы Шевченково айылы Кремлдин аскерлеринен былтыр сентябрда бошотулган.

Украин армиясынын айтымында, Орусия абадан коргонууга багытталган С-300 ракеталарын жердеги бутага чабуул жасоо үчүн көп колдонууда. Украин серепчилери муну "башка ракеталардын жетишсиздигине" байланыштуу экенин айтышат.

Ушул күндөрү Украинанын көзөмөлүндөгү Донецк облусундагы Бахмут жана Соледар шаарларында айыгышкан салгылашуу болуп жатат. Киев ал жактагы кырдаалды "өтө кыйын" деп баалоодо.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG