Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:34

Украина: Орусия 15-январда кошумча мобилизация жарыялашы мүмкүн


Мобилизация учуру, Кемероводо тартылган сүрөт.
Мобилизация учуру, Кемероводо тартылган сүрөт.

Орусия 15-январда кошумча мобилизация жарыялашы мүмкүн. Мындай божомолун Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгынын өкүлү Андрей Черняк билдирди.

Анын айтымында, жарым миллионго чейин орусиялык жаран мобилизацияланат.

"Жарлыктын долбоору бар, бул жолу мобилизация мурдагыдай эле чоң шаарларда, анын ичинде Москва жана Санкт-Петербургда ишке ашат", - деди ал.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 5-январда Орусия мобилизациянын кезектеги толкунуна даярданып жатканын кабарлаган.

Москва мобилизациянын кезектеги айлампасын өткөрүү ниетин жарыялай элек.

2022-жылдын 24-февралында Украинага басып кирген Орусиянын президенти Владимир Путин 21-сентябрда жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Өлкөнүн коргоо министри Сергей Шойгу 2022-жылы 28-октябрда Путин менен жолуккан учурда, мобилизациялык чаралар аяктаганын айткан. Анын сөзүнө караганда, мунун алкагында 300 миң адам аскерге тартылган.

XS
SM
MD
LG