Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:08

"Тазалыкта" бир жылда төрт жолу жетекчи алмашты


"Тазалыктын" жумушчулары. Архивдик сүрөт.
"Тазалыктын" жумушчулары. Архивдик сүрөт.

Бишкектин «Тазалык» ишканасында соңку бир жыл ичинде төрт жолу жетекчи алмашты. Мэриянын басма сөз кызматы 9-январда билдиргендей, шаар башчы Эмилбек Абдыкадыровдун буйругу менен ишканага жаңы директор болуп Рамиз Алиев дайындалды.

Рамиз Алиев бул кызматка чейин “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасында бөлүм башчы болуп иштеген.

“Тазалык” муниципалдык ишканасына жетекчи болуп 2021-жылдын декабрында Азат Сагынов дайындалган. Төрт айдан кийин, 2022-жылдын апрель айында анын ордуна Султан Алыбаев барган. Алыбаевдин ордуна ошол эле жылдын июль айында Нурлан Касымов иштей баштаган.

Касымов кызматынан өз каалоосу менен кеткенин мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Борбор калаада таштанды маселеси курчуп, былтыр август айында мэриянын дарегине "Бишкек таштандыга толуп кетти" деген сын көбөйгөн. Ишканадагы “системалык коррупция”, “коррупциялык схема” боюнча териштирүүлөр жүрүп жатканы айтылган, жумушчулары митингге чыккан учурлар да катталган.

"Тазалыкта" жалпысынан 1500 жумушчу, кызматкер иштейт. Былтыр бир айда ишкананын үч жумушчусу иш учурунда мерт болгон (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG