Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Түркияда тажик жана өзбек жарандары террорчулукка шектелип кармалды


Түрк полициясынын кызматкерлери. Иллюстрация.
Түрк полициясынын кызматкерлери. Иллюстрация.

Түркиянын полициясы Стамбулда "Жаңы жыл түнүндө теракт жасоону пландаган" деп Өзбекстан менен Тажикстандын жарандарын кармады.

Sabah гезити жазгандай, укук коргоо органдары бул эки адам "Ислам мамлекети" террордук тобунун мүчөлөрү экенин билдирүүдө. Алар Башакшехир районунда 31-декабрда атайын операцияда колго түшкөнү бир жумадан кийин маалымдалды.

Өзбекстандын жаранын депортациялана турганы айтылууда. Тажик жараны тууралуу маалыматтар азырынча жок.

Түрк коопсуздук органдарынын божомолуна ылайык, шектүүлөр Ооганстандагы "Ислам мамлекети" террордук уюмунун көрсөтмөсү менен 2017-жылдагыдай кандуу теракт жасоону пландаган.

2017-жылдын 1-январына караган түнү Стамбулдагы "Рейна" түнкү клубуна өзбекстандык Абдулкадир Машарипов кирип, автомат менен адамдарды аткылаган. Ал окуяда 39 адам каза таап, 70ке жакыны жарадар болгон. 2020-жылдын сентябрында түрк соту Машариповду 40 жылга эркинен ажыраткан.

"Ислам мамлекети" тобу Кыргызстанда соттун чечими менен экстремисттик деп табылып, ишмердигине тыюу салынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG