Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:10

Украина Бахмут менен Соледарга кошумча күчтөрдү жөнөтүүдө


Бахмуттун тургундары баш калкалоочу жерде, Рождество балатысынын айланасында отурушат. 6-январь, 2023-жыл.
Бахмуттун тургундары баш калкалоочу жерде, Рождество балатысынын айланасында отурушат. 6-январь, 2023-жыл.

Украинанын көзөмөлүндөгү Донецк облусунда өткөн суткада эки жай тургун набыт болуп, дагы экөө жараат алды. Аймактагы аскер башкармалыгынын жетекчиси Павел Кириленко алар Бахмут жана Соледар шаарларын орус күчтөрү аткылаганда набыт кеткенин билдирди.

Бул шаарларга бир нече айдан бери орус аскерлери чабуул коюуда. Акыркы күндөрү басым күчөгөн. Орусияга ыктаган Телеграм каналдар эки шаарда орустар илгерилеп баратканын жазышты. Украиналык булактар аны четке кагып, бирок эки калаанын четинде катуу салгылашуулар жүрүп жатканын белгилеп жатышат.

Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр бир күн мурун Соледарда абал кыйын экенин айткан. Украин президенти Владимир Зеленский Бахмут жана Соледарга кошумча күч жөнөтүлүп жатканын билдирип, ал жакты "фронттогу эң кандуу жерлердин бири" деп сыпаттады.

9-январда өзүн Донецк элдик республикасы деп атаган жикчил аймактагы штаб Бахмутское деген айылды басып алганын жарыялады. Кыштакты "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын жоочулары ээлеп алганы мурдараак орус Телеграм каналдарында да жазылган.

Дүйшөмбү күнү Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы жарандарга Орусия инрфрастуралык объектилерге жапырт чабуул коюшу мүмкүндүгүн эскертти. Акыркы жолу мындай сокку Жаңы жыл майрамынын алдында жасалган. Орусия адатта 10 күн аралыгында чабуулдарын кайталай турганы айтылууда.

Мындай соккулардан энергетикалык объектилер олуттуу зыян тарткандыктан, учурда Украинанын көпчүлүк аймагында жарык маал-маалы менен гана берилип жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG