Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:13

Жумгал: "Шарбон" көмүр кениндеги өрт толук өчүрүлө элек


"Шарбон" көмүр кениндеги өрттү өчүрүү иштери. Интернетте тараган видеодон алынган скриншот.
"Шарбон" көмүр кениндеги өрттү өчүрүү иштери. Интернетте тараган видеодон алынган скриншот.

Жумгал районундагы "Шарбон" көмүр кенинен чыккан өрттү өчүрүү иштери уланууда.

Бул тууралуу кенди иштеткен "Шарбон" ишканасынын директору Кумар Изабаев "Азаттыкка" билдирип, өрт бир ай мурда чыкан, азыр анын 80% өчүрүлгөнүн айтты.

"Кендеги көмүр казылып алынбаганда, ал жерден ушинтип өрт чыгат. Бул-табигый көрүнүш. Азыр атайын техниканын жардамы менен өрттүн айланасындагы жерлерди жардырып, топурак менен өрттөнгөн жерлерди жаап жатабыз. Бир аптанын ичинде толугу менен өчүрөбүз", - деди Изабаев.

Социалдык тармактардын колдонуучулары "Шарбондогу" көмүр кениндеги өрт тууралуу видеолорду жарыялап жатышат.

"Шарбон" жеке менчик ишканасы иштеткен кендин аянты 51 гектар. Расмий маалыматка караганда, 2003-жылы лицензия алган ишкана буга чейин 1,5 миллион тонна көмүр казган. Запаста дагы 400 миң тоннадай көмүр бар. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG