Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:07

Окуучулардын кышкы каникулу 16-январга чейин узартылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мектеп окуучуларынын кышкы каникулу 16-январга чейин узартылды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов билдирди.

Ортодогу үч күнгө онлайн окуу киргизүү натыйжа бербей турганын белгилеген министр кышкы каникулга кошулган бул күндөр балдарга кийин окутуларын айтты.

30-декабрда башталган кышкы каникул 10-январда аяктап, окуу 11-январда уланмак.

Бирок 11-январдан тартып Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, кар көп жаап, аба сууктай турганына байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги Билим берүү жана илим министрлигине кайрылып, каникул мөөнөтүн узартууну сунуш кылган. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жылуулук системасы жакшы иштебеген мектептер бар экенин, коомдук унаанын иштөөсүндө кыйынчылык жараларын, балдар мектепке жете албай кыйналарын, үшүй турганын айтып, онлайн окууну уланта турууну сунуштаган.

Соңку бир нече күндөн бери көпчүлүк аймактарда нольдон жогору температура сакталып турган Кыргызстанда, синоптиктердин айтымында, 11-январда аба ырайы кескин өзгөрүп, бир нече күн бою өрөөндөрдө абанын күндүзгү температурасы -20 градустун тегерегинде, тоолордо -30га чейин болот.

Сасык тумоого байланыштуу Кыргызстанда мектептер былтыр 15-декабрда онлайн окууга өткөн. Бишкектен башка аймактарда онлайн окуу 24-декабрда токтогон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG