Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:48

Сокулук: Мал базардын абалы үчүн жооптууларга эскертүү берилди


Сокулуктагы мал базар. 2023-жылдын 8-январы. Сүрөт "Фейсбуктагы" видеодон алынды.
Сокулуктагы мал базар. 2023-жылдын 8-январы. Сүрөт "Фейсбуктагы" видеодон алынды.

Сокулукта өкмөттүн мал базарларды иретке келтирүү тапшырмасын аткарбай жаткандар жакынкы арада аракет кылбаса аларга чечкиндүү чара көрүлөрүн бүгүн 9-январда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сокулук районундагы мал базардын абалы менен таанышканы барганда билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Жапаров мал базарларда тартип орнотуу тууралуу былтыркы тапшырмасынан бери көпчүлүгүндө жагдай жакшырганын, базар администрациясы сатуучуларга жана сатып алуучуларга зарыл шарттарды түзүп бергенин, ал эми Сокулуктагы базардын абалы өтө начар бойдон калып жатканын белгилеп, базар ээсине жана жергиликтүү аткаминерлерге эскертүү берди.

Сокулукта сегиз гектар жерге заманбап мал базар куруу долбоору быйыл жазында башталары да айтылды. Өкмөт аны мамлекеттик-жеке өнөктөштүк ыкмасы менен курса болорун белгилөөдө.

Сокулук базарында 8-январда тартылган видео “Фейсбукка” жарыяланып, ал Интернеттеги социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары арасында кызуу талкууланып жатат. Анда базардын ичиндеги баткак абал үчүн өкмөттү күнөөлөгөн комментарийлер жазылган.

Былтыр 28-мартта Акылбек Жапаров президенттик аппараттын жыйынында Кыргызстандагы мал базарлардын абалын кескин сынга алган. Өкмөттүн басма сөз кызматы мындан улам жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө базарлардын шартын жакшыртып, чукул арада асфальт төшөө тапшырмасы берилгенин маалымдаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG