Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:03

Сасык тумоо соңку бир аптада дээрлик эки эсе азайды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда сасык тумоо соңку бир апта ичинде дээрлик эки эсе азайганын бүгүн 9-январда “Азаттык” радиосуна Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, 2-8-январь күндөрү сасык тумоо менен катталгандар 8 миңдин тегерегинде болду, ага чейинки аптада 17 миңден ашкан.

Дарыгерлер сасык тумоонун вирустары абанын төмөнкү температураларына туруштук бере аларын, андыктан ар бир адам респиратордук гигиена талаптарын аткаруусу абзел экенин эскертүүдө.

Күз-кыш убагындагы соңку сасык тумоо эпидемиясынын эң оор мезгили декабрдын ортосуна туш келген. Ага чейин ооругандар аптасына 9 миңдин тегерегинде болуп жатса, 16-декабрга карата бир күндүк көрсөткүч 9 миңден ашкан.

19-25-декабрда Кыргызстанда сасык тумоо менен катталгандар 33 миңдей бейтап болгон.

Оору күчөгөндүктөн мектептер 24-декабрга чейин онлайн окууга өткөн. Бишкекте онлайн окуу мөөнөтү 28-декабрга чейин узартылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG