Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:50

Family Village курулуш компаниясынын директору 20-февралга чейин камалды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен Family Village курулуш компаниясынын директору Сухраб Жармухамедов 9-январда камакка алынды.

Маалыматты "Азаттыкка" Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы ырастады.

"Биринчи май райондук сотунун 2022-жылдын 24-декабрындагы токтомуна ылайык, Сухраб Жармухамедовду 20-февралга чейин №21 тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыкты", - деп берилген маалыматта.

Жармухамедов Жазык кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык", "Башка бирөөнүн менчигин алдап алуу") менен шектелүүдө.

Ушул эле күнү ишкердин кармалышына байланыштуу Ички иштер министрлиги да маалымат таратты.

"2022-жылдын декабрь айынын башында ички иштер органдарына Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, чала тааныш адамдын алдамчылык аракеттери боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү суранган. Арызында 2021-жылдын октябрында Ж.С. алдоо жолу менен ишенимге кирип, бир жыл ичинде төлөп берем деген шылтоо менен баасы 15 миң доллар турган “Тойота Камри”, 30 миң долларлые “Тойота Лэнд Крузер Прадо”, 55 миң долларлык “БМВ 750” үлгүсүндөгү автоунааларды алган", - деп жазылган анда.

Ишкер Жармухамедовдун жакындары жана адвокаттары азырынча комментарий бере элек.

Анын ысымы буга чейин Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты Алиярбек Абжалиевге байланышкан кылмыш ишинде аталган. Ал Абжалиевге каршы арыз менен кайрылганын УКМК билдирген. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG