Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

Аба ырайы: Кар калың жаайт


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 9-10-11-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Айрым жерлерге кар калың түшөт. Жолдор тайгак болот жана кар күрткүсү чогулат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет.

12-13-январларда абанын температурасы дагы төмөндөп, бийик тоолуу райондордогу суук түнкүсүн -30…-35 градуска чейин жетет.

2023-жылдын 9-январынан 11-январына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Суусамыр-Талас-Тараз жолунун 1-14 чакырымдарында (Өтмөк ашуусу), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунун 55-107-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-101, 113-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка-Акташ автоунаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.


Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15, күндүз -5…-10;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -13…-18, күндүз -7…-12;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -6…-11, күндүз -5…-10;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…-7;

Нарындын өрөөндөрүндө түнкүсүн -14…-19, күндүз -11…-16;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26, күндүз -15…-20 градус суук.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -10…-12°, күндүз -7…-9° болот. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG