Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:17

Казакстанда сууктан улам 60тан ашуун жол тилкеси жабылды


Казакстанда аба ырайы кескин начарлап кеткенине байланыштуу автожолдордо 61 тилке жабылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Алардын 26сы республикалык маанидеги жолдор.

Министрлик өткөн суткада жолдо калган 37 киши, анын ичинде тогуз бала куткарылганын 9-январда билдирди.

Жыл башында Казакстанда автоунаа жолдорунун 109 тилкеси, анын ичинде республикалык маанидеги 41 тилке аба ырайынын начардыгынан улам жабылган. Былтыр Жамбыл облусунун Жанатас шаарында катуу бороонго байланыштуу табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жарыяланган эле. Ызгаарда бул райондо электр мамылары кулап, ток өткөргөн линиялар үзүлгөн.

Ушул күндөрү Кыргызстанда жана Өзбекстанда да ызгаар суук болорун синоптиктер эскертип жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG