Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:21

Чеченстанда бир айылдын 20дай тургунун тартип сакчылары "уурдап кеткени" айтылууда


Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров жана ички иштер министри Руслан Алханов.
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров жана ички иштер министри Руслан Алханов.

Чеченстандын Алхан-Кала айылында тартип сакчылары 20дай тургунду алып кетти. Кармоонун себеби айтылган жок. Болжолдуу маалыматтарга караганда, алар Грозныйга жеткирилген.

Чечен оппозициясынын 1ADAT жана NIYSO Телеграм-каналдары айылдын тургундары "уурдалганын" жазышты. Маалыматты айыл тургундары Kavkaz.Realii сайтына тастыкташты.

1ADAT каналы алар кыйноого алынганын, кармалгандардын экөө сабалып, абалы оор экени ырасталганын кабарлады.

NIYSO билдиргендей, "уурдалгандар" Чеченстандын ички иштер министри Руслан Алхановдун уулу жетектеген Грозный облустук ички иштер башкармалыгынын аймагында жашыруун абактарда кармалып жатканы тууралуу божомолдор бар. Республиканын Ички иштер министрлиги буга комментарий берген жок.

2019-жылдан 2021-жылга чейин Чеченстанда 4984 адам дайынсыз жоголгон. Республикада жыл сайын жоголгон 1700 кишинин 20-30у гана табылат. Бул тууралуу РИА Новости мамлекеттик агенттиги 2021-жылдын аягында Орусиянын Ички иштер министрлигинин ачык маалыматтарына таянып жарыялаган.

Эл аралык коомчулук республиканын жетекчилигин "адам укуктарын одоно бузат, жарандарга ырайымсыз мамиле жасайт" деп айыптап келет.

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров айыптоолорду четке кагып, республикада жашыруун түрмөлөр жок экенин билдирген.

Оппозициялык блогер Ибрагим Янгулбаев өзү отурган жашыруун абак тууралуу жана кыйноо учурунда Кадыров да катышканы жөнүндө айтып берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG