Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

Журналист Санрабия Сатыбалдиеванын иши сотко өттү


Журналист Санрабия Сатыбалдиеваны кармоо учуру.
Журналист Санрабия Сатыбалдиеваны кармоо учуру.

Журналист Санрабия Сатыбалдиева жана оператор Калыс Ашырбаевдин кылмыш иши соттун кароосуна өттү. Бул тууралуу "Азаттыкка" алардын жактоочусу Замир Жоошев кабарлады.

"Декабрдын аягында экөөнүн иши сотко өттү. Журналист Сатыбалдиева менен оператор Ашырбаев "кылмыштуу топтун мүчөлөрү" жана "опузалап акча талап кылуу" беренелери боюнча шектелүүдө. 13-январда оператор Ашырбаевдин баш коргоо чарасы сотто каралат. Ишти караган тергөөчү ноябрь айында камоо учурунда журналист иштеген кеңсени бекитип кеткен. Тергөө иштери аяктап, иш сотко кетсе да кеңсени ачтырбай жатат. Санрабияга карата биз суроо-талап менен Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү башкармалыгына кайрылып, анын бир да кылмыштуу топко мүчө эмес экенине байланыштуу маалымкат алганбыз. Биз бул маалыматты тергөөчүгө кабарлап, "алгач далилдеп, анан айыпты угуз" деген талапты укпай, ишти сотко жиберди", - деди Жоошев.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2016-2017-жылдары соцтармактарда жарыяланган аудиожазууларды шантаж кылып таратып, Жогорку Кеңештин депутаттарынан акча талап кылган адамдар кармалганын маалымдаган. Алар 3-ноябрда 2000 доллар алып жаткан тапта колго түшкөн деп билдирген.

Бул иш боюнча Mir24.kg порталынын директору Санрабия Сатыбалдиева жана ушул эле медианын оператору Калыс Ашырбаев кармалган.

Кош бойлуу журналист Санрабия Сатыбалдиева 4-ноябрда тергөөчүнүн “эч жакка кетпөө” тууралуу токтомунун негизинде бошотулду. Ал жаз айынан бери Бишкекте жашап жаткан, ага чейин Жалал-Абад шаарында “Аймак”, “Взгляд” гезиттеринде жана менчик “Чолпон ТВ” телеканалдарында кабарчы болуп иштеген. Социалдык тармактарда бийлик өкүлдөрүн сындаган билдирүүлөрдү жазып жүргөн. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG