Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:00

Айзаданын өлүмү: Адвокаттын тергөөчүгө каршы жазган арызы сотто каралды


Айзада Канатбекова.
Айзада Канатбекова.

Бишкектин Биринчи май райондук сотууурдалып, киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу жабырлануучу тараптын адвокатынын арызын 9-январда карады.

Бул тууралуу адвокат Нурбек Токтакунов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

"Биринчи май райондук сотунун судьясы Турат Бекенов Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу милициянын шалаакылыгы боюнча кылмыш ишин тергеген УКМКнын тергөөчүсүнө карата биздин арызыбызды жарым-жартылай канааттандырды. Судья тергөөчү эч кандай иш жүргүзбөй жатканын айтып, аны ишти активдүү иликтөөгө чакырды. Тергөөчү тергөө жүрүп жатканын, биз менен кызматташууга даяр экенин айтты", - деп жазды Токтакунов.

2021-жылдын 5-апрелинде Бишкекте 27 жаштагы Айзада Канатбекованы үч адам күчтөп машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү талаадан табылган. Кыздын өлүмү боюнча иш кийин токтотулган, буга ага кол салган Теңизбаев өзүн-өзү өлтүргөнү себеп болгон. Ал эми уурдоого катышкан беш киши 6,5-7 жылга кесилген.

Окуянын видео далили бар экенине жана күбөлөрдүн кайрылууларына карабастан кыз акыры жардамга жете албай, өлүмгө дуушар болгону үчүн милиция кызматкерлерине карата 8-апрелде “Шалаакылык” деген берене менен иш козголгон. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG