Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Тажикстанда камалган журналисттин жактоочусу аны коргоодон баш тартты


Абдулло Гурбати
Абдулло Гурбати

Тажикстанда соттолгон журналист Абдулло Гурбатинин адвокаты Абдурахмон Шарифов мындан ары аны коргобой турганын билдирди.

4-октябрда Дүйшөмбүнүн райондук соту 26 жаштагы Гурбатини жети жарым жылга түзөтүү колониясына кескен. Ага "бийлик өкүлүн эл алдында кемсинткен, милиция кызматкерине күч колдонгон жана экстремисттик топторго катышкан" деген айып коюлган. Айыпкер күнөөнү мойнуна алган эмес.

Гурбатинин жакындары 9-январда "Озоди" радиосуна соттун чечимине каршы экинчи жолу даттанууга ниеттенип жатышканын, бирок адвокат Шарифов мындан ары укуктук жардам бере албастыгын айтканын билдирди.

Шарифов укуктук долбоордун алкагында Гурбатиге адвокаттык кызматты бекер көрсөткөнүн, эми долбоор аяктагандан кийин журналисттин жана анын үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын коргой албай турганын билдирген.

"Биз ага эмгек акы сунуштадык, бирок баш тартты", - деди соттолгон журналисттин жакындарынын бири.

Тажикстанда 2022-жылы жети журналист жана блогер ар кыл мөөнөткө эркинен ажыратылды. Эл аралык коомчулук тажик бийлигин аларды бошотууга үндөгөнү менен Дүйшөмбү андай чакырыктарга реакция кылган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG