Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:59

Кемпир-Абад иши: Камактагылардын жакындары ИИМдин алдына акцияга чыгышты


Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын жакындарынын акциясы.
Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын жакындарынын акциясы.

10-январда Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандардын жакындары мыйзамдуулуктун сакталышын талап кылып Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдына нааразылык акциясына чыгышты.

Алар абактагыларды үй камагына чыгарууну, тергөөнү бейтарап жүргүзүүнү жана мыйзамдардын сакталышын талап кылууда.

Милиция кызматкерлери камактагылардын жакындары менен жолугуу үчүн ИИМдин Тергөө кызматынын жетекчиси Алтаир Исмаилов чыгарын билдиришти.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер былтыркы октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат. Биринчи Май райондук сотунун аларды быйылкы жылдын февраль айынын экинчи жарымына чейин камакта кармоо тууралуу чечимдерин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG