Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Баткен: Талкаланган беш медициналык жайдын бирөө калыбына келтирилди


Баткен. Жаңы курулуп жаткан үйлөр. Иллюстрациялык сүрөт.
Баткен. Жаңы курулуп жаткан үйлөр. Иллюстрациялык сүрөт.

Баткенде, кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги айылдарда талкаланган беш медициналык мекеменин ичинен бирөө толук калыбына келтирилди. Бул тууралуу “Ала-Тоо 24” телеканалына жыл жыйынтыгы боюнча курган маегинде саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова билдирди. Маектин видеосун министрлик 10-январда жарыялады.

“Төрт фельдшердик-акушердик пункт (ФАП), бир үй-бүлөлүк дарыгерлер (ҮБДТ) тобу жабыркаган. Бүгүнкү күндө бир ФАП “Ас-Сафа” фондунун жардамы менен 650 миңге курулуп бүттү, толук калыбына келтирилди. Калган ФАПтарыбызда жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараттарын калыбына келтирүү иштери АРИСтин жардамы менен жүрүп жатат”.

2021-жылдын жазында жана 2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяда Баткен облусунун бир катар айылдары талкаланып, өрттөлгөн, ондогон адамдар каза тапкан. Миңдеген адам үй-жайын таштап качууга мажбур болгон, алардын айрымдары коопсуздук маселесинен улам үйүнө кайта электиги парламентте бир нече жолу айтылган.

“Ас-Сафа”– Кувейт өлкөсү каржылаган кайрымдуулук фонду.

АРИС – Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги, ал эл аралык донор уюмдар менен кызматташып, аймактарды өнүктүрүүгө көмөктөшүп келет.

Бийлик Баткенде сентябрь айындагы жаңжалдан кийин талкаланган үйлөрдүн ордуна жаңыларды эки-үч айда куруп берүүнү убада кылган. Бирок пландалган 400 үйдүн экөө гана толук бүтүп, пайдаланууга берилгени 27-декабрда парламентте айтылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG