Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:52

ИИМдин алдына акцияга чыккандарды милиция кармап кетти


Милиция кызматкерлери акциянын катышуучуларын кармап кетип жатат.
Милиция кызматкерлери акциянын катышуучуларын кармап кетип жатат.

Бүгүн, 10-январда Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандардын жакындарын Горький гүлбагына бараткан жеринен милиция кармап кетти.

Жүздөй киши алгач ИИМдин алдына чогулуп, абактагыларды үй камагына чыгарууну, тергөөнү бейтарап жүргүзүүнү жана мыйзамдардын сакталышын талап кылган.

Бул жерде акция өткөрүүгө тыюу салынганын эскерткенден кийин алар Горький паркын карай жөнөшкөн.

Милиция жолдо бараткандардын айрымдарын кармап кетүүгө алар плакаттарды, ар кандай чакырыктар жазылган кагаздарды көтөрүп, үн күчөткүч менен сүйлөгөнү себеп болгонун билдирди.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер былтыркы октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат.

Биринчи Май райондук сотунун аларды быйылкы жылдын февраль айынын экинчи жарымына чейин камакта кармоо тууралуу чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат.

Бир катар эл аралык уюмдар камактагыларды бошотууга чакырган. (BTo)

XS
SM
MD
LG