Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:44

Арзан көмүр элге паспорт менен сатылат


Бишкектеги көмүр саткан жайлардын бири.
Бишкектеги көмүр саткан жайлардын бири.

"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы мындан ары арзан көмүр элге паспорт менен сатыларын кабарлады.

Аталган мекемеден бир тоннасы төрт миң сомдук көмүр алгысы келген жарандардын колунда паспорту жана жашаган дареги тууралуу маалымкат болушу керек.

Бир кишиге эки тоннадан ашык сатылбайт.

"Көмүр жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына сатылбайт. Себеби, алар арзан сатып алып, элге беш миң сомдон кайра сатып жатат", - деп билдирди аталган ишкана.

“Кыргыз көмүр” ишканасы 2022-жылдын 1-ноябрдан тартып өлкөнүн аймактарында, андан сырткары Бишкекте арзан баада көмүр саткан беш кампа уюштурган.

Кара-Кечеде казылган көмүрдүн тоннасы 1450 сом деп эсептелсе, Бишкекке ташып келген чыгымы менен 4 миң сомго барууда. Арзандатылган баадагы көмүр колу жука бүлөлөргө сатылып жатат. Азыр бул отундун бир тоннасынын базар баасы 5 миң сомдон жогору. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG