Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Прокурор: Сайфулла Саипов АКШда көбүрөөк адамды өлтүрүүнү көздөгөн


Сайфулла Саипов
Сайфулла Саипов

АКШда бир нече адамды өлтүрүүгө айыпталган өзбекстандык Сайфулло Саипов кылган ишинен сыймыктанарын, ал көбүрөөк адамды жок кылгысы келгенин айтканын 9-январда прокурор Александр Ли сот отурумунда билдирди.

Прокурор 2017-жылы сегиз адамдын өмүрүн кыйган теракт үчүн Саипов күнөөлүү экенин белгилеп, бул үчүн ал "Ислам мамлекети" террордук тобунан колдоо алууга үмүт кылганын кошумчалады.

Кошмо Штаттарга 2010-жылы грин-карттын негизинде барган Сайфулла Саипов 2017-жылдын 31-октябрында Нью-Йорктун Манхэттен районундагы кол салуудан кийин камалган.

Нью-Йорктун прокуратурасы бир нече адамды автоунаа менен тебелетип өлтүрүүгө айыпталган Саиповду өлүм жазасына тартууну федералдык сотко сунуштаган.

Нью-Йорк штатында өлүм жазасына тыюу салынганына карабай Сайфулло Саиповдун иши федералдык сотто каралгандыктан бул жаза колдонулушу мүмкүн.

34 жаштагы Саипов буга чейинки көрсөтмөлөрүндө сот чечимин тааныбай турганын билдирген.

“Ислам мамлекети” террорчул уюму Саипов катышкан окуя боюнча жоопкерчиликти өзүнө алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG