Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Перудагы акцияларда бир күндө 17 адам каза болду


Перуда 12-декабрда тартылган сүрөт.
Перуда 12-декабрда тартылган сүрөт.

Перуда 9-январда өкмөткө каршы нааразылык акциялары маалында 17 адам набыт болуп, 68и жараат алды. Бул тууралуу өлкөнүн түштүгүндөгү Пуно облусунун Саламаттык сактоо департаментинен билдиришти.

Бул декабрда президент Педро Кастилього импичмент жарыялангандан кийинки нааразылык акциялары башталгандан берки эң кандуу күн болду. Башкармалыктын маалыматына караганда, каза тапкандардын арасында эки өспүрүм бар.

Департамент ошондой эле жаракат алган 28 полиция кызматкерин Хульяки аэропортунан эвакуациялоого мүмкүн болбой жатканын кабарлады. Перу бийлигинин маалыматына караганда, миңдеген демонстранттар полиция бөлүмүн жана аэропортту басып алууга аракет кылышкан.

Жалпысынан нааразылык акциялары башталгандан бери кеминде 39 адам каза болду. Акцияга чыккандар жаңы президент Дина Болуартенин отставкасын, парламентти таратууну, Конституцияны өзгөртүүнү жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү талап кылып жатышат. Ошондой эле козголоңчу деген айып менен тергөө абагында отурган, күнөөнү моюнга албаган Кастильону бошотууга чакырып жатышат.

Болуарте мөөнөтүнөн мурда шайлоону 2024-жылдын апрелинде өткөрүүнү сунуштаган. Ал демонстранттардын башка талаптарын канааттандыра албасын айтып, перулуктарды "ойлонууга" чакырды.

Перунун мурдагы вице-президенти Дина Болуарте Перу конгресси Кастилього импичмент жарыялагандан кийин 7-декабрда президенттикке киришкен. Кастильо Конгрессти таратууга аракет кылганда эл өкүлдөрү анын өзүн отставкага кетиришкен.

Педро Кастильо 2021-жылдын июнь айында 51,2% добуш менен Перунун президенти болуп шайланган. Конгресс ага импичмент жарыялоого эки жолу аракет кылып, үчүнчүсүн ишке ашкан.

Дина Болуарте Перунун биринчи аял президенти болуп калды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG