Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Сот төкмө акын Болот Назаровду 16-мартка чейин камакта калтырды


Болот Назаров темир тор артында. 2023-жылдын 10-январы.
Болот Назаров темир тор артында. 2023-жылдын 10-январы.

Чүйдүн Москва райондук соту 10-январда төкмө акын Болот Назаровго козголгон экинчи ишти кароону улантып, анда негизги күбөлөр суралды. Териштирүү алдында судья Назаровдун бөгөт чарасын карап, аны 16-мартка чейин камакта калтырды.

Жабыркаганы айтылган тарап аны камактан бошотууну, ал эми прокуратуранын өкүлү абакта калтырууну суранган.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Назаровду былтыр 9-ноябрда “Беловодское айылынын тургунунун айгырын күч менен тартып алган” деген шек менен кармаган. Ал ошондон бери Бишкектеги тергөө абагында (СИЗО-1) камакта жатат.

Болот Назаров сот залында. 2023-жылдын 10-январы
Болот Назаров сот залында. 2023-жылдын 10-январы

Төкмө акын өзү 7-ноябрда Беловодское айылында ат оюндары менен коштолгон чоң той болгонун, ага айылдын жашоочусу ат мингизгенин айтып, жылкыны кайра кайтарып бергенин билдирген.

Кылмыш-жаза кодексинин “Тоноо” беренеси менен шек саналып жаткан Назаровдун иши боюнча алгачкы соттук жараянда жабыркаган тарап көрсөтмө бергенде доосу жок экенин айткан жана ишти кыскартууну суранган.

"Ютуб" каналына жемкорлукту ашкерелеген чыгармаларын жарыялап жүргөн Назаровго бир жыл мурда да иш козголгон. Ал боюнча тергөө аяктай элек. Былтыр 23-январда милиция аны иликтөөчү журналист Болот Темиров менен кошо кармап, кийин үй камагына чыгарган.

Ошол эле күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.

Анын алдында Болот Темировдун “Ютубдагы” Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда Ташиевдин аты аталган.

Назаровго жана Темировго карата иш Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен козголгон. Темировго башка да беренелердин негизинде айып тагылган. Анын иши өзүнчө каралды. Жогорудагы берене боюнча Темиров соттон акталып чыккан. (AiB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG