Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:18

"Кылым шамы" Бишкекте кармалгандар боюнча Башкы прокурорго кайрылды


Кармоолор учурунда тартылган сүрөт. 2023-жылдын 10-январы.
Кармоолор учурунда тартылган сүрөт. 2023-жылдын 10-январы.

“Кылым шамы” укук коргоо борбору Башкы прокуратураны 10-январда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдына акцияга чыккандарды кармап кеткен милиция кызматкерлеринин аракетине тез арада көңүл бурууга чакырды. Борбордун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова Башкы прокуратурага кайрылып, Бишкек шаардык жана Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыктарынын кызмат адамдары "Кыргызстандын мыйзамдарын бузуп, кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чапканы боюнча териштирүү жүргүзүүгө” үндөдү.

Акцияга чыккандар тез арада бошотулушу керек экенин белгилеген укук коргоочу алар мыйзамсыз кармалганын кошумчалады.

Абдирасулованын айтымында, кайсы бир иш-чараны өткөрүүгө реалдуу коркунуч бар болсо сот гана тыюу сала алат, ал эми ИИМ алдындагы бүгүнкү акцияга тыюу салган соттук чечим жок болчу. Ошондой эле укук коргоочу тынч акцияга чыккандар коомдук тартипти бузбаганын, согушка, басмырлоого, зомбулукка же кайсы бир башка мыйзамсыз иштерге чакырбаганын, демек, аларды кармоого негиз болбогонун белгиледи.

Кармалгандарга байланыштуу өлкөнүн акыйкатчысы Атыр Абдрахматова да маалымат берип, анын өкүлдөрү Биринчи Май райондук милициясына жөнөп кетишкенин, юстиция министрине маалымат берилип, мамлекеттик адвокаттар да жөнөтүлөрү маалым болгонун айтты.

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта жаткандардын жакындары, жалпысынан жүздөй адам бүгүн алгач ИИМдин алдына чогулган.

Ал жерде акция өткөрүүгө тыюу салынганы эскертилгенден кийин Горький гүлбагына жөнөп баратканда алардын айрымдарын милиция Эски аянттын Эркиндик бульвары менен Токтоболот Абдумомунов атындагы көчө кесилишкен жеринен кармап кетти.

Акцияда абактагы жакындарын үй камагына чыгаруу, тергөөнү бейтарап жүргүзүү жана мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу талаптары айтылган.

Милиция жолдо бараткандардын айрымдарын кармап кетүүгө алар плакаттарды, ар кандай чакырыктар жазылган кагаздарды көтөрүп, үн күчөткүч менен сүйлөгөнү себеп болгонун билдирди.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер былтыркы октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат.

Биринчи Май райондук сотунун аларды быйылкы жылдын февраль айынын экинчи жарымына чейин камакта кармоо тууралуу чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат.

Бир катар эл аралык уюмдар камактагыларды бошотууга чакырган. (RK)

XS
SM
MD
LG