Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:17

Акыйкатчы ИИМ алдындагы акциядан кийин кармалгандарга укуктук жардам берилерин айтты


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

10-январда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдына акцияга чыккандан кийин милиция кармап кеткендерге укуктук жардам берүү үчүн Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына акыйкатчынын өкүлдөрү жөнөп кетишти. Бул тууралуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирип, юстиция министрине да кабар берилгенин, ал жакка мамлекеттик адвокаттар да бара жатканын маалымдады.

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта отургандардын жакындары, жалпысынан жүздөй адам бүгүн алгач ИИМ алдына чогулган. Ал жерде акция өткөрүүгө тыюу салынганы эскертилгенден кийин Горький гүлбагына жөнөп баратканда алардын айрымдарын милиция Эски аянттын Эркиндик бульвары менен Токтоболот Абдумомунов атындагы көчө кесилишкен жерден кармап кетти.

Акцияда абактагы жакындарын үй камагына чыгаруу, тергөөнү бейтарап жүргүзүү жана мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу талаптары айтылган.

Милиция жолдо бараткандардын айрымдарын кармап кетүүгө плакаттарды, ар кандай чакырыктар жазылган кагаздарды көтөрүп, үн күчөткүч менен сүйлөгөнү себеп болгонун билдирди.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер былтыркы октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат.

Биринчи Май райондук сотунун аларды быйылкы жылдын февраль айынын экинчи жарымына чейин камакта кармоо тууралуу чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат.

Бир катар эл аралык уюмдар камактагыларды бошотууга чакырган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG