Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:22

Бишкекте үй-жайы жоктор үчүн атайын жайлар даярдалды


Бишкек, январь, 2023-жыл. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.
Бишкек, январь, 2023-жыл. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.

Суукка байланыштуу Бишкек шаардык мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаменти шаардагы үй-жайы жокторго атайын башкалка жайларды даярдады.

Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, азыр башкалаада туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн эки убактылуу баш калкалоочу жай иштеп жатат.

Октябрь районундагы башкалка жай 60, Свердлов районунда 40 адамга ылайыкталган. Ленин районунда оор турмушка кабылган балдар менен аялдарга көмөк көрсөткөн кайрымдуулук борбору иштеп жатканы расмий кабарланды. Мындай жайларга туруктуу жашаган жери жок адамдар өз алдынча кайрыла алышат, ал жерге укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана тез жардам бригадасы жеткириши мүмкүн.

Кайрылгандарга бир жолу ысык тамак берилет, зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүлөт.

Кыргызстандын Гидрометеорология кызматы 9-январдан тарта бир апта бою өлкөдө абанын температурасы кескин төмөндөй турганын, сууктун күчү -20... -38 градуска чейин жетерин эскертип жатат. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG